Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуулардын аткарылышы менен эмгектенүү шарттарды жакшыртууга жетишилди

      2017-жылдын 9-декабрында  Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу   Муктар Мамбеталиев атындагы №7 гимназия мектеби 2016-2017-окуу жылында 8млн.900.000 сомго республикалык бюджеттен жүргүзүлгөн капиталдык ремонттон кийинки ачылыш аземине арналган иш- чара болуп өттү.

    Иш- чарага Жогорку Кеңештин депутаты Масабиров Таалай Айтмаматович, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Бегимкулов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышовна Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Усенов, райондук профсоюз уюмунун  төрагасы С. Жаркымбаев,  жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Адишов, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана айылдын аксакалдары катышты.  

      Иш- чаранын 1-бөлүгүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы  А. Адишов сүйлөп, иш-чараны  ачып берди. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Масабиров Таалай Айтмаматович, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Бегимкулов, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Усенов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышовна жана райондук профсоюз уюмунун  төрагасы     С. Жаркымбаевдер  чыгып сөз сүйлөп, куттуктоолорун айтышты.

Мектептин ремонтуна  төмөнкүдөй каражаттар  жумшалды.                                                

1. Мектептин ашканасына ысык жана муздак суу киргизүү үчүн Камкорчулук кеңештин эсебинен 130 295 (бир жүз отуз миң эки жүз токсон беш) сом

2. Мектепке кирген электр столбаларын жаңылоо үчүн  45 000 (кырк беш миң) сом

3. Башталгыч класс корпусунун жылытуу системасын кайрадан жаңылоо үчүн айыл өкмөттүн жардамы менен: 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом сарпталды.

3. Мектептин капиталдык ремонту үчүн республикалык бюджеттен  8 млн. 900 000 (8 млн. тогуз жүз миң) сом   каражат сарпталды.

4. Ата-энелердин жардамы менен алынган мектептин айнек пардалары үчүн     88 000 (сексен сегиз миң ) сом керетелди.

5. Мектептин астына брусчатка төшөө үчүн   айыл өкмөт тарабынан 177 000 (бир жүз жетимиш жети миң) сом жумшалды.

6. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен окуу кааналарын жасалгалоо үчүн     58 000(элүү сегиз миң) акча каражаты сарпталды.

 Жалпы 10 млн. 410295 сомдук иш аткарылды.

    2-бөлүгүндө келген коноктор мектептин жүргүзүлгөн ремонтун көрүп чыгып, мектептин ремонттон мурунку жана кийинки көрүнүшүнөн слайд менен таанышышты

Мектептин жамааты ата-энелер түзүлгөн  мыкты  шарттар үчүн  ыраазычылыктарын  билдиришты.

Материалды  даярдаган  :С.Жаркымбаев- Базар-Коргон райкомунун  төрагасы