“Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер менен кесип бирлигинин мүчөлөрүнүн социалдык маселелерин чечүүнү камсыздайлы !”
2016-жылдын 28-29-апрель күндөрү Ноокен районунун баштапкы кесптик уюмдардын жетекчилери үчүн“Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер менен кесип бирлигинин мүчөлөрүнүн социалдык маселелерин чечүүнү камсыздайлы!” темасында мектептер үчүн №22 Абдрахманов атындагы орто мектебинде, бакчалар үчун №9 “Байчечекей” бакчасында райондук семинар өткөрүлдү.
Семинарда :
- 21-апрель күнү Таш-Көмүрда өткөрүлгөн облустук семинар жана Облустук комитеттин президиумунун материалдары жөнүндө райКБКнын төрагасы К. Нышанов маалымат берип, алдындагы милдеттерди белгиеди.
- 3 тараптуу макулдашууларды тузуу боюнча усулдук материиалдар берилип, №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектеби менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, №16 “Наристе”менен Момбеков айыл Өкмөтү ортосундо тузулгон макулдашуулардын негизинде кесип бирлигинин мүчорүнүн социалдык маселелериинин чечүү ищ тажрыйбалары слайддар менен берилди.
- “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде усулдук маалыматтар берилип. №31 Татыкулов атындагы окуу-тарбия комплекси жана№28 “Алтын-Уя” бакчасынын жамааттык клишимдердын аткарылышы менен билим берүү тармагындагы койгойлүү маселелердин чечүү аркылуу жетишкен ийгиликтери тажрыйбасы слайддар менен баяндалды.
- Кесиптик уюмдун чогулуштарынын даярдоо,откоруу, токтомдордун аткарылышын камсыздоо багитында №6 “Арал” орто мектебинин, №3”Мээрим”бакчасынын иш тажрыйбалары негизинде усулдук материалдар слайддар жардамында берилди.
- Билим берүү тармагында эмгекти коргоо жана кооопсуздук чараларын уюмтурулушу жөнүндө райондук комитеттин коомдук техникалык тескөөчүлөрдүн маалыматтары сдайддар жардамыда корсотулуп. Суроолорго жооптор уюштурулду.
- “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдагы озгортүүлөр жана толуктоолор боюнча райКБКнын укук жана эмгек боюнча тескөөчүсүү А.Айдаров маалымат берди.
- №22 Абдрахманов атындагы орто мектебинин жана №9 “Байчечекей” бакчасынын жамааттык келишимдерди аткарылышы боюнча иш тажрыйбалары менен тааныштырылды.
Катышуучулар семинар боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Семинарды райКБКнын төрагасы К. Нышанов жыйынтыктады.
Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын укук жана эмгек боюнча тескөөчүүсү-А.Айдаров.