Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуу ишке ашырылууда

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин ортосунда түзүлгөн Макулдашууга ылайык окуу жылы ичинде кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү, иш-тажрыйбаны жайылтуу максатында кароо-сынак өткөрүү жана эмгектерин баалоо каралган.

Окуу жылы ичинде төмөкүдөй кароо-сынактар өткөрүлгөн: Жылдын мектеби, Жылдын бакчасы, Жылдын мугалими, Жылдын тарбыячсы, Жылдык окуу бөлүмүнүн башчысы, Жылдын уюштуруучусу, Жылдын соцпедагогу, Жылдын китепканачысы, Жылдын мыкты спортчусу, Олимпиадага даярдаган мыкты мугалим, Жылдын усулканасы, Жылдын кабинети.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында мектептердин жана бакчалардын директорлору, кароо-сынактардын номинациясынын ээлери жалпы 80 адам “Арстанбап-Ата” турбазасында 12-14-июль күндөрү Ноокен райондук комитеттин эсебинин эс алуу уюштурулду. Эс алуу мезгилинде тажрыйба алмашып, билим берүү кызматкерлери көп пайдалуу маалыматтарды алышты.

Билим берүү кызматкерлери эс алууну уюштурган жетекчилерге ыраазычылыкт билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров