Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максаттуу жолугушуу

2013-жылдын 18-июлунда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин жыйындар залында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы А.Т.Токтогулов менен жолугушуу өткөрүлдү. Ага профсоюздардын Жалал-Абад облустук Кеңешинин аппараты, тармактык обкомдордун төрагалары, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен, Көк-Жаңгак райондору менен шаарларынын өкүлдөрүнөн турган 51 адам катышты:   

Жолугушууда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жүргүзүп жаткан иштери, учурда жайкы эс алуу өнөктүгүнүн жүрүшү, ден соолукту чыңдоо мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер боюнча кеңири сөз жүрдү.

Жыйындын акырында А.Т.Токтогулов көптөгөн суроолорго жооп берип, профсоюздук кыймылдын учурдагы абалы, келечеги жөнүндө ар тараптуу ойлорун ортого салды, профсоюз уюмдарынын алдында турган кечиктирилгис милдеттерди белгиледи.

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетти.