Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максаттуу өткөн семинар

Ноокат районуна караштуу билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунуну төрага, төрайымдарына, мектеп директорлоруна жана айыл округдарынын эсепчилерине райондук деңгээлдеги профсоюздук окуу семинарлар Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы Шанабаева Сонунбү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Семинардын максаты:

  • Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кадрдык иш кагаздарын туура жүргүзүү;
  • Билим берүү тармагындагы эмгек акылардын мыйзамдуу төлөнүшү;
  • Билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнө чыгуусу жөнүндө “ Позиция профсоюза ” газетасынын № 3-4-5-6 – сандырандагы усулдук колдонмолорду үйрөтүү жана практика жүзүндө аткарууну көзөмөлдөө.

Бул семинарлар районубуздун батыш аймагындагы Төөлөс айыл округуна караштуу У. Салиева атындагы орто мектебинде “ Биримдикте бийиктикке карай ” деген темада 2013-жылдын 23- майында өткөрүлдү. Семинарда мектептин директору Ураимова Калия билим берүү уюмдарынын кадрдык иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жөнүндө түшүндүрдү. Ал эми мугалимдердин эмгек акыларынын жаңы төлөмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө окуу бөлүмүнүн башчысы Батырова Арзыкан өзүнүн иш тажрыйбасын көрсөттү. Ошону менен бирге баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Кыргызбаев Абдылвасы билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүсүнө чыгуусу жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле мектептин чыгармачыл мугалимдери башталгыч класс мугалими “ Таза сууну коргойлу ”, орус тили мугалими Мажакыпова Бурул “ Мама ”, Информатика мугалими Таирова Гүлиза “ Диаграмманы түзүү ” , Физика мугалими Купуева Канталат “ Билимдүүгө дүйнө жарык ”, кыргыз тили жана адабияты мугалими Жадилова Рахат “ Фразеологизм ” аттуу темалардагы ачык сабактар өткөрүлдү жана окуучулар тарабынан концерттик программалар көрсөтүлдү.

Семинардын уландысы Районубуздун чыгыш аймагындагы Зулпуев айыл округуна караштуу Кашкалдак орто мектебинде “ Биримдикте ийгиликтер жаралат ” деген темада 2013-жылдын 14- июнунда өткөрүлдү. Билим берүү уюмдарынын кадрдык иш кагаздары, мектептин ийгиликтери, “ Манас ордо ” музейи, актовый залы, спорт залдары жөнүндө, мектеп директору Акматова Канайым эжеке жеткиликтүү кылып айтып берди. Ал эми билим берүү тармагындагы эмгек акылардын төлөнүшү, алдыңкы чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбалары, мектептеги мугалимдердин усулдук каанасын жана инновациялык жаңы усулдар менен жасалган көргөзмөлөрдү көрсөттү. Ошону менен бирге баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Арапова Дилбар мугалимдердин эс алуу бөлмөсүн, баштапкы профсоюздук кабинетинин жасалгаланышын, иш кагаздарынын иреттүүлүгүн көрсөтүү менен, билим берүү тармагындагы эмгек өргүүлөр жөнүндө кеңири сабак өттү жана талкуулар суроо-жооптор, сунуш пикирлер жүргүзүлдү. Бул семинарларга чакырылган Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев ОПКнын бөлүм башчысы М. Аттокурович, ОПКнын каржы башчысы Б. Абдыкалыков, айыл округун социалдык кызматкерлери, башкы эсепчилер, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.