Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майыптарга материалдык колдоо

Тармактык кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата райондо майыптарды колдоо боюнча бир айлыкка катышып, райондун билим берүү мекемелеринде эмгектенип жатышкан майып билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам берүүнү чечти.

            Декабрдын башында майып билим берүү кызматкерлеринин тизмеси көрсөтүлүү менен, аларга материалдык жардам берүү жөнүндө раймамдминистрацияга, социалдык коргоо бөлүмүнө жана айыл аймактарынын өкмөт башчыларына  кат жөнөтүлдү.

            Райондук комитеттин Президиумунда билим берүү мекемелеринде  иштеп жатышкан майып кызматкерлерге ар бирине 500 сомдон Жаңы жылга карата материалдык колдоо катары акча бөлүндү. Аны кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары Жаңы жылды тосуу аземдеринде тапшырышат.

 

Билим беруу кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                           Б.Абдыразакова