Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер!

Мугалим-көк тиреген мунардайсын

Мугалим-бутак жайган чынардайсын

Тарбия таалим берип жаш муунга

Беш мүнөт бекер карап тура албайсын 

 

Берилип мекен үчүн иште таксын!

Берилип мекен үчүн иште тапкын!

Инженер министрлер сенден өскөн

Түгөнгүс мына ошол сенин бактын!

 

 

Галерея санай берсек бүтөбү!

Жаза берсек кагаз деген түтөбү?!

Чынгыз агай жазган ар бир чыгарма,

Кыргыз эмес, АЗИЯ бүт өнү!

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата кыргыз тил майрамындагы 3-класстын окуучуларынан “Биричи мугалим” повестинен үзүндү

Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,

Башка тилди кандай жакшы көрсөмда

Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм

Эл туруп эне тилин унуткан бар

Эл –безер атка конуп  куруткан бар

Эненин сүтүн эмип тилин билбей

Эненин сай- сөөгүн сыздаткан бар

23-сентябрь “ Эне тилим-Эне сүтүм” аттуу кароо сынагында

Баткен  баатырлары

Байлыгы суудай ташыган

Бактыга баткан жеримсин

Секетин болуп жаш жаным

Сен үчүн каным түгөнбөс

Балбылдап сары жылдыздай

Майданга уулуң көрүнсүн

Курманы болсо мейличи

Курдаштар сүрчү өмүрүн

Баткен баатырларына таазим!!!

Үйрөткөн алиппени “А” дан баштап

Үйрүлүп ичип жаткан ашын таштап

1-класстын мугалими Акматова М.Н. окуучулар менен.

Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим,

Кыйкырып, кыйрын бузуп душман келсе

Кылычтай кыя кесип чапкан тилим

Кыргыз тили мугалими Хайдарова З.С кыргыз тил сабагында

Чырпыктан чынар өстүрүп

Чыгарган балбан мугалим

Чырылдап учкан баланын

Чырагын жаккан мугалим

Чырылдап күйүп от болуп

Чындыкты айткан мугалим.

Орус тил мугалими Мавлянбаева М.И орус тил сабагында

Материалды  даярдаган:Майлуу-Суу шаарындагы                                                                            №7 жалпы билим берүү орто мектебинин  профсоюздук  уюмунун  төрайымы-Абдуманап  кызы  Жаңылай