Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай тартууланды

Өзгөн районунда Аялдардын эл аралык майрамына карата волейбол боюнча эжейлер арасында майрамдык мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Мырза-Аке, Жазы, Куршаб аймактарынын жана Өзгөн шаарынын  курама командалары катышты.

Майрамдык иш-чарага  Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Р.С. Мурзакулов катышып, эжейлерди майрамы менен куттуктап, спорттук мелдеште ийгиликтерди каалады.  Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитети айымдардын майрамы менен куттуктап, акчалай белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети