Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай тартууланды

 Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен Өзгөн районундагы Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээлерин, билим берүү жана профсоюз тармагына эмгеги сиңген ардагер эжелерди, ошондой эле Өзгөн райондук,  шаардык жана Кара-Кулжа райондук кесиптик бирлик комитетинин аппаратынын айымдарын куттуктап, белектерди тапшырды.

Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов келе жаткан 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен  куттуктап, райондук кесиптик бирлик комитетинин белектерин тапшырды. 

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети