Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай тартууланды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынын алдынкы кесиптик бирлик мүчөлөрү сыйланды!

2023-жылдын 19-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардын мэринин орун басары Гульбарчын Таштанбекова, кесиптик бирликтин шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев,шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова жана билим берүү тармагынын кесиптик бирлик мүчөлөрү катышышты.

Мэрдин орун басары Г.Таштанбекова КРнын Кесиптик бирлик уюмунун жана Социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бир катар кесиптик бирлик мүчөлөрү “Билим жана илим профсоюзунун Жалал-Абад облусунун мыктысы” төш белгиси менен сыйланса, бир тобуна Ардак грамота тапшырылды.

КМШ мамлекеттеринин арасында уюштурулган илимий-изилдөө сынагынын “Активдүү изилдөөчү” номинациясы жана төш белгиси Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыковго ыйгарылды.

Кесиптик бирлик мүчөлөрү ыраазылыгын айтышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети