Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык иш-чара

Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларын Жалал-Абад шаардык комитети куттуктап, сыйлады!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков бүгүн 2023-жылдын 19-октябрь күнү баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларын “19-октябрь Кыргыз Республикасынын кесиптик кошуун жана социалдык коргоо күнү” менен кызуу куттуктап сыйлыктарды тапштырды.

Иш-чара кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитетинде уюштурулуп, салтка айланган кесиптик бирлик уюмдарына белектер тапшырылды.

Төрага Максат Мамасыдыков кесиптик бирлик тарабынан көп иштер жасалганын жана алдыда дагы жакшы иштер күтүп турганын айтып, жакынкы күндөрү Жалал-Абад шаарынын мэриясына ипотека маселеси менен шаар мэри Эрнисбек Ормоковго киреерин айтып өттү.

“Кесиптик бирликтин күчү - биримдикте”. Эскерте кетсек Жалал-Абад шаардык комитетинде 2300дөн ашуун кесиптик бирлик мүчөсү бар.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети