Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык иш-чара болуп өттү

Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара уюштурулду.

Анда Ноокен районунун билим берүү тармагында көп жылдар үзүрлүү эмгектенген ардагер эжекелер чакырылып, белектер менен сыйланышты.

Иш-чарага Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси З.Усенов катышып, куттукташты.  

Иш-чарага келгендер кесиптик бирлик тарабынан ар дайым көңүл бурулуп, даталуу күндөрдө, ден соолугун чыңдоодо, эс алуусун уюштурууда жана ошондой эле укуктук маселелерде колдоо болуп жатканын белгилеп өтүштү. Чакырылып, сый көрүп жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидирип, кесиптик бирликтин жетекчилерине бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалашты.

 

Аялзат – асылзаада сөз жетпеген,

Бийиктин бийигисин көз жетпеген.

Айткандай Умай эне улуу атын,

Ааламда бүт адамзат аздектеген.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Бакиров - кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору