Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык иш-чара болуп өттү

Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүндө 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

2024-жылдын 6-мартында Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган салтанат маданият үйүндө өттү. Ага билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин, билим берүү бөлүмүнүн, шаардык мэриянын, билим берүү бөлүмүндө эмгектенген айымдар катышты. Жалпысынан 390 айымды түздү.

Көк-Жаңгак шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевна тарабынан иш-чарага катышкан аялдарга белектер берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Көк-Жаңгак шаардык комитети