Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Май айы толгон майрамга

    Ат-Башы райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети тарабынан 1-май-Эмгекчилердин кънъ, 5-май-Баш мыйзам күнү, 9-май-Жеӊиш күнү, 21-май энелердин күнүнө карата май айындагы майрамдардын башын бириктирип «Май айы толгон майрамга» деген ураан менен Райондук комитетинин төрага, төрайымдарынын жана Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинин жаш мугалимдеринин катышуусунда Райондук комитет тарабынан абдан кызыктуу флешмоб уюштурулду. Флешмоб аяктагандан кийин РК төрагасы К.Керималиев жана эсепчичи Кадырова Н. мындан ары дагы ушундай  мугалимдердин эмгектерин даӊазалоого жана жаш кадрларды мугалимдик жумушка тартуу үчүн мындай иш чараларды көбөйтүлөөрүн айтышты.