Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маданий иш-чара өттү

Кыргыз    Республикасынын    Президентинин 2021-жылдын 29.01 №1 «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк» Жарлыктарын аткаруу максатында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.А.Абыкеевдин демилгеси менен райондук маданий үйү жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  «Улуулук улут наркында, санжыралуу салтында, саамалык менен уланат, оюн-зоок, тамаша» аталышындагы  «Саамалык» мугалимдердин чыгармачылык маданий иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарага Жоош жана Савай айыл өкмөттөрүнүн мугалимдери улуттук бий, элдик фольклордук ансамблдин коштоосундагы ыр, элдик макалдар, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын даңазалоодо сахналык көрүнүштөрдү тартуулоодо мыкты даярдыктар менен келишкенин көрсөтүштү.

«Саамалык» мугалимдердин чыгармачылык маданий иш-чарасынын жыйынтыгында катышуучулар райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан грамоталар, ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети