Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маанилүү маселелер талкууланды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Суу райондук комитети райондун мектептеринин жана бала- бакчаларынын баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдарынын райондук жалпы жыйынын өткөрдү. Жыйынга 35 мектептин жана 25 бала бакчанын профкомдору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Иманалиев катышты.

Жыйында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Суу райондук комитетинин 2023-жылдагы аткарган иштери жөнүндө кыскача маалымат берилди. Тармактык кесиптик бирликтин бүгүнкү күндөгү негизги иш- аракети, маселеси - билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоо жана мектептерде, бала-бакчаларда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо болоору жыйындын негизги темаларынын бири болду.

Андан соң билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо жана жайкы эс алууну уюштуруу боюнча баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары А.Исмаилова, А.Бейшекеева, К.Жакшылыков, К.Шооруков, А.Осмонакунова, Ж.Асанова тарабынан да сунуштар айтылып, уюштуруу иштерин жүргүзүүгө көңүл буруп, бул багытта баштапкы уюмдар мектеп, бала-бакча директорлору менен биргеликте аракет көрүүлөрү зарыл экендиги айтылды.

Жыйындын соңунда райондун аймагындагы 14 айыл өкмөттөрү 4 айыл өкмөткө бириктирилгендигине байланыштуу бул мезгилге чейин кабыл алынган үч тараптуу келишимдерди кайра түзүү боюнча апрель, май айларында жаңы уюшулган айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы келишимдерди кабыл алуу керектиги баштапкы уюмдардын да, райондук комитеттин да негизги иштеринин бири болуп калаары баса белгиленди.