Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маанилүү маселелер талкууланды

Жакында Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиясы болуп өттү. Коллегияга мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана бул маселелерге тиешелүү мекеме уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Коллегияда төмөндөгү маселелер каралды:

1. Кыргызстандагы билим берүүнүн жаңы багыттары боюнча райондук билим берүү мекемелеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө.

2. Райондо 480 сааттык балдарды мектепке даярдоо программасынын жүрүшү.

3. Жашы жете элек балдардын арасындагы мыйзам бузууларды (рэкет, суицид, экстремисттик көз караштар) жоюу жөнүндө.

Каралган маселелер боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери А.Турсунбаева, Н.Дабаева, А.Шамиев маалыматтарды беришти. Рахимова атындагы орто мектебинин директору Г.Турдукулова, Мамакеев атындагы орто мектебинин директору Н.Осмонбаева, Деркембаев атындагы орто мектебинин директору Т.Уркадыров өз мектептериндеги аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Коллегияда өзгөчө мектеп окуучулардын арасындагы мыйзам бузууларды токтотуу үчүн мектеп администрациялары ата-энелер жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыкыс байланышта иштөөгө өзгөчө көңүл буруу керектиги баса белгиленди.

Коллегияга райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев катышып өз сөзүндө ковид, пневмония оорулары менен ооруган билим берүү кызматкерлерине профсоюз тарабынан көрүлүп жаткан материалдык колдоолордун шарттары жөнүндө айтып берди. Оору башталгандан бери бүгүнкү күнгө чейин 250 мугалимге финансылык колдоолор көргөзүлдү. Район боюнча ооругандардын саны көп болуп жаткандыгына байланыштуу сактануу эрежелерин күчөтүү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү болушкан райондун мектептеринин 8 окуучусун жана олимпиадага даярдаган мугалимдерин сыйлоо боюнча райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети биргеликте чакан салтанаттуу жыйын өткөрүүнү макулдашып жатышканын да белгиледи.

Коллегияны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жыйынтыктады жана каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

                     

Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райпроф комитетинин кызматкери Ж.Жунушева