Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маалымат каражааттары-профсоюз ишмердүүлүгүнүн күзгүсү

                2018-жылдын 16-январында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук профсоюздук билим берүү Борборунун  усулдук кеңешмеси болуп, анда Жалал-Абад обкомунун  кызматкерлери  жана райшааркомдун  төрагалары катышышты.  

              Кеңешмеде профсоюз  менен  маалымат  каражаттарынын биргеликтеги  иш  аракеттери талкууланды. Талкуунун журушунда ЖаМУнын  төрагасы К.Болотбеков, Сузак райкомунун  төрагасы А.Орозалиев, Борбордун  жетекчиси А.Айдаров,Жалал-Абад шааркомунун  төрагасы  К.Акунов, Ноокен райкомунун төрагасы  К.Нышанов,                        Базар-Коргон райкомунун  төрагасы С.Жаркымбаевтер баалуу  сунуштарын  жана кымбатуу  ой-пикирлерин билдиришти.

              Кеңешмени обкомдун  төрагасы  А. Исмаилов  жыйынтыктап, маалымат каражаттары: Борбордук Комитеттин  сайты, журналдар, гезитттер, радио, телевидение  менен тыгыз байланышта иштоо  аркылуу профсоюздук  ишмердүүлуктү жакшыртууга, аткарылган  иштерди пропогандалоого, иш  тажрыйбаларды  жайылтууга жетишууну камсыздоо милдеттерин койду.

Материалды даярдаган: Облустук профсоюздук билим берүү Борборунун  жетекчиси-А.Айдаров.