«Үлгүлүү кыргыз тил мугалими -2016» райондук кароо-сынагынын женүүчүлөрү аныкталды
Тарых жана маданият жылынын иш- чараларынын алкагында Ноокен районунда 2016-жылдын 9-22-сентябрь күндөрү 23-сентябрь “Мамлекеттик тил күнү» жана 5-октябрь “Мугалимдердин эл аралык кесиптик майрамына» карата «Үлгүлүү кыргыз тили мугалими-2016» райондук кароо-сынагы болуп өттү. Райондук кароо-сынак 3 тур менен өткөрүлүп, 1-этабында райондогу 55 мектептен 36 кыргыз тили мугалиминин катышуусунда тест жана жат жазуу аркылуу эң жогорку балл алган 9 мугалим 2- турга чыгышты. 2-турда мугалимдердин үлгүлүү сабактарына атайын түзүлгөн калыстар тарабынан баалар берилди. 3-турунда мугалимдердин чыгармачылык отчеттору, окуу кабинеттери, көргөзмө куралдары, портфолиолору, мастер - класстары бааланды. Жыйынтыгында кыргыз тилинде окутулган мектептер боюнча №16 Турусбеков атындагы орто мектебинин мугалими Тагаева Нургул , окутуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер боюнча №3 Алибаев атындагы орто мектебинин мугалими Карабаева Севара жеңүүчү болушту. Катышуучулар райБББнүн менен райКБКнын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Катышуучулар райБББнун адиси Г.Андарова жана калыстарга кароо-сынакты уюштурууда акыйкаттуулук, маалымдуулук, ачыктык, кесипкөйлүк менен өткөрүлгөндүгүнө өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Материалды даярдаган райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.