Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Үлгүлүү кыргыз тили мугалими – 2018” кароо-сынагы жыйынтыкталды

            Мугалим – чыгармачыл, чыгаан инсан демекчи, жылда өткөрүлүүчү “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими - 2018” кароо-сынагынын  2 - туру Ноокен районундагы № 29        Я. Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 15-16-март күндөрү болуп өттү. Сынактын 1-турунда  тест, жат жазуу шарттарынан ийгиликтүү өткөн 11 кыргыз тили мугалими сынактын 2-туруна катышышты. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г. Андарова тарабынан уюштурулган бул сынак жылдагыдан да өзгөчө өттү. Конкурстанттар конкурстун шарты боюнча

-  25 мүнөттүк сабактын фрагменти

-  Өзун – өзү тааныштыруу

-  “Жаңы ойлор”

-  Предметтик тесттен өтүштү.

     25 мүнөттүк сабакты жаңы ыкмалар, жаңы технологиялардын жардамы менен сабактарды өтүшүп, калыстар тобу тарабынан 10 критерий боюнча бааланды.

     Мугалимдер ар бир шартка жогорку деңгээлде даярдыктарын, өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү. Катышуучулардын эмгеги калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында кыргыз тилдүү мектептер арасында № 12 Султанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалим Алтымышова Гулназ 1-орун, Н. Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин кыргыз тили мугалими Осмонова Зирегүл 2-орун, № 32 Т. Дүйшембиев атындагы орто мектебинин мугалими Акматова Элмиралар ээ болушту. Ал эми орус, өзбек тилдүү мектептер арасында № 28 Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин мугалими Акматалиева Жаркынай 1-орун, № 3 Р. Алибаев атындагы орто мектебинин мугалими Каххарова Гульмира. 2-орун, № 29 Я. Мирзаходжаев аытндагы орто мектебинин мугалими Абдувахапова Дилфузалар 3-орунду ээлешти.  

Жеңүүчүлөргө Ноокен райондук комитети тарабынан баалуу белектер жана ардак грамоталар тапшырылды.

 

 

Ноокен райКБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров