Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Үлгүлүү кыргыз тилчилер” – Ноокенде билим “кенчилер”

2021-жылдын 30-апрель күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими – 2021” кароо – сынагы болуп өттү. 2020-жылы февраль айында кыргыз тили жана адабияты предметин окуткан 54 мугалим үчүн тестти тапшырмаларды аткарып,  эң жогорку балл алган 10 мугалим  катышты. Өткөн окуу жылында окуу процесси дистанттык форматка өткөндүгүнө байланыштуу конкурстун 2-туру калтырылган.

Быйылкы окуу жылында абал туруткташкандыгына байланыштуу бардык иш чаралар жандандырылып, конкурстун 2-туру өткөрүлдү. Анда мугалимдер көргөзмөлүү видесабак, чыгармачыл отчёт, предметтик жана педагогикалык тест жана кыргыз тили сабагынан сунуштама (слайд) жасоо шарттарын аткаруу боюнча ат салышты. Кароо-сынакка ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында атайын көз карандысыз  комиссия түзүлдү. Сузак районундагы №57 Арзыматов а.о.м. кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Казакова, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик тил боюнча катчысы В.Ташиева, “Ноокен жаңырыгы” гезитинин редактору Б.Раимбекова, №17 “Кыла” о.м.кыргыз тили мугалими З.Нусупбекова жана райондук кыргыз тили жана адабияты секциясынын жетекчиси Т.Мурзакматовалар кара кылды как жарган калыстык кылып беришти. Жогорудагы шарттарды аткарууда өзгөчө оригиналдуу идеялар менен өзүн тааныштырууда Мугалим жана “Билим уясынын” диалогун аткарып берген №8 Орозматов а.о.м. кыргыз тили мугалими Р.Жалалова көрүүчүлөрдүн жана калыстардын купулуна толсо, жандуу сунуштама даярдаган А.Равшанбекова, тестте аткарууда өз билимдүүлүгүн көрсөтүп, эң жогорку балл алган жана райондук, областтык олимпиадаларга окуучуларды даярдап, байгелүү орундарды камсыз кылган №1 Бөкөнбаев а.о.м. кыргыз тили мугалими Кадрали кызы Сырга болду. Ошондой эле конкурсанттар өздөрүнүн чыгармачыл отчётторун мыкты деңгээлде даярдоосу, видеосабактарда жаңы технологияларды, окутууунун инерактивдүү усулдарын пайдалануусу, мыкты заманбап мугалим статусуна шайкеш келүүсү менен өзгөчөлөнүп, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Келген күйөрмандар да быйылкы жылдагы конкурстун өзгөчө уюштурулгандыгын, шарттар азыркы мезгил талабына ылайык тандалып алынгандыгын ж.б. кеңири токтолуп, уюштуруучуларга өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Жыйынтыгында кыргыз тилдүү мектептерден №1 Бөкөнбаев а.о.м. мугалими Кадралы кызы Сырга 1-орун, окутуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасынан №20 Матмуса атындагы орто мектебинин мугалими Дөөлөтбаева Уларкандар татыктуу болушту. 2-орунга №35 Сүйөркулов а.о.м. мугалими А.Равшанбекова, №3 Алибаев а.о.м. мугалими Д.Эргешова, 3-орунга №4 Сатаров а.о.м. мугалими Г.Осмонова, №8 Орозматов а.о.м. мугалими Р.Жалалова жана №28 Айтматов а.о.м. мугалими А.Сарымсаковалар татыктуу болушту. Аларга атайын райБББ, райКБК тарабынан даярдалган дипломдор, демөөрчүлөрдүн кызыктыруучу белектери тапшырылды.

Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге профсоюздун Ноокен райкому тарабынан Ысык-Көлгө, Сары-Челекке жана Арстанбапка эс алуу үчүн жолдомо берилет.

Конкурсту эң жогорку деңгээлде уюштуруп берген Р.Арзиева баштаган №1 Ж.Бөкөнбаев а.о.м. жалпы эмгек жамаатына, өзгөчө информатика мугалими К.Исмановго, Масы айылдык кеңешинин депуттары Н.Таштемирова, Б.Курбанова, К.Абдуллаеваларга Ноокен райБББ тарабынан өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын адиси Г.Андарова