Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лекция өткөрүлдү

Ош Билим берүү институтуна окуу-курсуна келген мектепке чейинки билим берүү   уюмдарынын директорлоруна, Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан «Кызматкерлердин социалдык – экономикалык, эмгектик укуктарын   жана   кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө» 6 сааттык лекция өткөрүлдү.

Аларга Ош областынын Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван, Чоң-Алай райондорунан жана Ош шаарынан келген балдар бакчаларынын директорлору катышышты. Лекциялар негизинен ишке кабыл алуу, жумуштан бошотуу, эмгек акы сакталбаган өргүү, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана сөөк коюу жана ага жөлөк пулдардын төлөнүшү боюнча маселелер камтылды. Ар бир лекция суроо-жооптор менен коштолуп, талкуу иретинде өткөрүлдү.

Курстун катышуучулары лекциялар абдан пайдалуу, кызыктуу өткөнүнө ыраазычылыкатрын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети