Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлекте волейбол боюнча спартакиада өттү

2021-жылдын 5-июнунда Т.Жапаров атындагы орто мектебинин базасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен иш планына ылайык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (балдар бакчаларынын) спорттун волейбол түрү боюнча спартакиадасы өткөрүлдү. Алгач волейбол боюнча оюн зоналарда, аймактарда өткөрүлүп райондук турга жолдомо алышкан. Спорттун волейбол түрү боюнча мелдешке тандалып алынган үч команда ат салышты. Оюн өтө кызыктуу болуп Ортоңку зона командасы 1-орунду, жогорку зона 2-орунду, төмөнкү зона 3-орунду ээлешти.

Байгелүү орундарды ээлеген командалар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин акчалай сыйлыктары жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору менен сыйланышты. Мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга Ардак грамота жана сыйлыктар тапшырылды. Башкы кубок жалпы жыйынтык менен ортоңку аймакка ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райондук КБКнын төрагасы А.Бердиев