Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлекте мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Лейлек районундагы мугалимдердин август кеңешмеси болуп, ага жалпысынан 300гө жакын делегаттар чакырылган, алардын арасында ардагер мугалимдер, билим берүүнүн мыктылары, ардактуу эс алуудагы мугалимдер бар.

Иш-чара алгач Улуу инсан И.Раззаковдун эстелигине гүл коюу менен башталды. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонбеков Канимет Бийзакович, орун басары Максатай Каримбердиева, Раззаков шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов, шаардык кеңештин төрагасы Бакыт Сапаев жана башка жетекчилер катышышты.

Салтанат 2022-2023-окуу жылында бир топ ийгиликке жетишкен окуучуларды сыйлоо менен башталып, алардын ийгиликтерине токтолуп өтүштү.

Сыйлоо салтанатында ЖРТ жогорку көрсөткүчкө ээ болгон бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттарын, спорттук мелдеште ийгилик жараткан окуучу кыздардын ийгиликтери жана Кембридж университети тарабынан уюштурулган онлайн сынагында жеңүүчү аталган №1 гимназия жатак мектебинин 15 окуучусуна сертификаттар тапшырылды.

Август кеңешмесинин официалдуу бөлүгү Баластан чыгармачылык борборунун жана Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин таланттуу окуучулары тарабынан ыр, бийлер менен башталып, район акими өз куттуктоосун айтуу менен ишинде ийгилик жараткан мугалимдерге ардак грамоталарды тапшырышты.

Кеңешмеде 2022-2023 окуу жылындагы жетишкендиктер менен катар бир топ кемчиликтер айтылып, жаңы окуу жылына келтирилген кемчиликтерди толуктоо менен алдыга коюлган милдеттерди так аткаруу жагы айтылды.

Кеңешме аягында жалпы катышуучулар үчүн профсоюз уюму тарабынан сый тамак уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын укук жана уюштуруу иштери боюнча адиси  Бердиева Гулназа