Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлекте "Ден соолук-2021" спартакиадасы өткөрүлдү

2021-жылдын 15-майында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин иш планына ылайык "Ден соолук-2021" билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасынын райондук туру өткөрүлдү. Ачылуу аземине Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары М.Каримбердиева жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмумунун башчысы У.Жеемуратов катышты. Жобого ылайык алгач оюндар мектептерде, аймактарда өткөрүлүп жеңүүчү деп табылган төрт агайлар, төрт эжекелер командасы волейбол боюнча райондук турда күч сынашты. Жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча ортоңку аймактын командасы жеңүүчү деп табылып өтмө кубок жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ар бир катышкан команда диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мыкты оюн көрсөткөн оюнчулар Ардак грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев