Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун мугалимдери Жалал-Абад санаториясында эс алууда

Лейлек районунун мугалимдери

Жалал-Абад санаториясында эс алууда

 

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелеринин 13 кызматкери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан берилген жолдомо менен Жалал-Абад санаториясында ден соолугун чындап, эс алышууда.

Мугалимдерибиз эс алуу учурунда да өз кесибин сүйүп, изденүү менен иштеп, ал жерден жасаган таңкы көнүгүүлөрүн салттуу окутуу башталганда окуучулар менен жасоону пландап жатканын соц. тармактарда бөлүшкөн диалогдорунан көрүп жатабыз.

Кесиптештерибиздин кандай гана кырдаал болбосун иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылганына терең ыраазычылык билдирип мындан аркы иштерине ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалап кетмекчибиз.