Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районундагы өткөрүлгөн иш чаралар

Лейлек районундагы  Сумбула айыл аймагына караштуу “Сары-Дөбө” орто мектебинде 2018-жылдын 19-октябрында Сабатуулук күнүнө карата кызыктуу иш чаралар, башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан даярдалган ачык сабактар өткөрүлүп,  окуутунун жаңы ыкмаларына ылайык алиппе сабагынан колдонгон көнүгүүлөр көрсөтүлдү. Биринчи класстын окуучуларын китепкана менен тааныштырышты.

 

 

Ошондой эле  20-октябрь күнү Исфана шаарынын маданият үйүндө  “Региондорду өнүктүрүү” жылына жана райондун 90 жылдыгына карата  “Лейлек районунун түзүлүшү, калыптанышы жана өнүгүү тарыхы атуу конференция” өткөрүлүп, Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу 67 мектептен эки жүзгө жакын билим берүү кызматкерлери  катышты. Тактап айтканда ар бир мектептин директору, тарбия иштери боюнча орун басары жана бирден тарых сабагынан мугалимдер келип катышып, конференцияда докладдар окулуп, райондун 90 жылдык тарыхы кеңири айтылды.

 

 

Материалды даярдаган Сагалиева М.