Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районун О.Сапаров атындагы орто мектебиндеги иш чара

2019-жылдын 4-февраль күнү Лейлек районунун  Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде диний экстремизмдин, терорризмдин, радикализмдин, зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана 2019-жылдын 1-январында кабыл алынган бузуулар  кодексиндеги мыйзамдар жөнүндө жыйналыш өткөрүлдү.

Жыйналышка Баткен облусттук дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси А.Жакыпов, Катыраң айылынын мечитинин башкы имамы А.Шаботоев, райондук укук коргоо кызматкерлери, мектептин жетекчилиги, мектептин окуучуларынын ата-энелери, 9-10-11-класстардын окуучулары катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө азыркы учурдагы дин маселеси талкууланып, укук коргоо органдары тарабынын быйылкы жылга кабыл алынган жаңы мыйзамдар, жоруктар, бузуулар жана аларга каралган айып пулдар, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуучулар жана ата-энелер арасында  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Материалды даярдаган 

Марина Сагалиева