Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук профсоюз комитети мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

         2020-жылдын 30-сентябрь күнү Лейлек райондук профсоюз комитетинин төрагасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  билим берүү кызматкерлерин  кесиптик майрамы менен куттуктап,  жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкен окуучулары областтык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы, байгелүү орундарды камсыздаган  райондун 8 мугалимине профсоюз комитетинин атынан ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, комитеттин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, мындан да чоң жетишкендиктерге ээ болусуна тилектеш экенин билдирди.