Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин кошмо Кеңешмеси

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу Исфана орто мектебинде 2018-жылдын 28-ноябрь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин кошмо Кеңешмеси өтүп, кеңешмеге райондук бөлүмгө караштуу  мектептердин директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө райондун айрым мектеп, бала бакчаларынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү талкууланып, билим берүү мекемелеринин кышка болгон даярдыктары тууралуу маселелер каралды.

Райондук профсоюз комитети Профсоюздун Борбордук комитетинин жаңы 2019 финансылык жылына карата жергиликтүү бюджетти түзүү учурунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен район, шаарларда бюджеттен билим берүү тармагына бөлүштүрүүнү  уюштуруу боюнча сунуштамалар менен тааныштырды.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева