Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүн Жеемуратов Улукбек Имматович жетектейт

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп 2018-жылдын 14-декабрындагы КРнын билим берүү жана илим министринин буйругу менен Жеемуратов Улукбек Имматович дайындалды.

Жаңы жетекчини 17-декабрь күнү Лейлек районунун акиминин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна кызмат орду менен куттуктап, мектеп директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларына жана жалпы жамаатка тааныштырды.

КРнын билим берүүсүнүн мыктысы Жеемуратов Улукбек Имматович билим берүү тармагында 15 жылдан ашык эмгектенип, бай тажрыйбага ээ. Буга чейин да жетекчилик кызматтарды аркалап келген. 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева