Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү

 Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук жана областтык комитетинин тапшырмаларына ылайык Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан азыркы өзгөчө кырдаал учурунда райондун аймагындагы билим берүү кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү максатында зарыл болгон медициналык маска жана антисептиктер менен камсыздоо үчун баштапкы профсоюз уюмдарына акча каражаттары бөлүнүп, камсыздоо жагы баштапкы профсоюз уюмунун төрагаларына тапшырылды.       Лейлек районундагы 9 айыл аймагы, 1 шаар башкармалыгындагы билим берүү кызматкерлерине жалпысынан 396 400 сом акча бөлүнүп, баштапкы профсоюз уюмдарына жеткирилди. Буюрса, бул илдетти эли-журтубуз ынтымак, биримдик, бири-бирине болгон сый урмат, түшүнүү менен жеңет деген ишеничтебиз!

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.И Жеемуратовдун сунушун эске алуу менен өзгөчө кырдаал учурунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан 22 билим берүү кызматкерине жалпы суммасы 44 000 сом акчалай жардам берилди.