Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Токой айылында мугалимдер таймашты

18-март күнү Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинде Ю. А. Гагарин, Б. Камчыбеков, Сумсар орто мектептеринин жана В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалимдеринин ортосунда волейбол, теннис жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдеш абдан кызыктуу өтүп, волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Б. Камчыбеков орто мектебинин командасы, 2-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командасы, 3-орунга Сумсар орто мектебинин командасы жетишти.

Аялдар арасында мелдеште 1-орунду Сумсар орто мектебинин, 2-орунду Ю. А. Гагарин орто мектебинин, 3-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командалары ээлешти.

Теннис боюнча 1-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Чыңгыз Оморов, 2-орунга Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Равшан Арзыматов, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Шерзат Бабаев ээ болушту.

Шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Терексай орто мектебинин мугалими Нарынбай Анарбаев, 2-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Абыл Таиров, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Кылыч Коргонбаев ээ болду.

Мындан сырткары, бир нече спортчу мугалимдер кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Катышуучулар мелдештин демөөрчүсү болгон мугалимдердин райондук профсоюз уюмуна жана мелдештин жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздаган Б. Камчыбеков орто мектебинин жетекчилигине ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров. КР Журналисттер кошуунунун мүчөсү