Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиялык кеңеши

2018-жылдын 20-январында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиялык кеңешмеси өткөрүлдү. Коллегияда төмөндөгүмаселелер күн тартибине киргизилип, каралды: 

  1. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстарынын окуу, түшүнүү жана жат жазуу көндүмдөрүн текшерүүнүн абалы;
  2. Мектеп окуучуларынын шаардык предметтик олимпиадасынын жыйынтыктары;
  3. Ар түрдүү маселелер;

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери усулдук каана кызматкерлери менен биргеликте орус тилинде окутулган мектептердин 5-класстарынын окуу, түшүнүү жана жат жазуу көндүмдөрүн текшеришип, текшерүүнүн жыйынтыктары менен катышуучуларды тааныштырышты.

Кеңешмеге мектеп директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана башталгыч класстардын мугалимдери чакырылып, маалыматтар менен тааныштырылгандан кийин, текшерүүнүн жыйынтыгына карата сөз берилип, башталгыч класстардын мугалимдери иштериндеги көйгөйлөр менен бөлүшүштү жана окуу жараянына ата-энелерди тартуу боюнча иштерди күчөтүү жагын суранышты.

Талкуунун аягында маалыматтардын, чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угушуп төмөңдөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. Башталгыч класстардын мугалимдери сабак өтүүдө окуучуларды текст боюнча корутунду чыгарууга, өз ойлорун айтууга үйрөтүү, жалпылап айтканда окуучуларда компетенттүүлүктү калыптандырууга басым жасоо менен иштөө;
  2. Ата-энелер менен иштөөнү жакшыртуу боюнча иштерди алып баруу;
  3. Башталгыч класстарынын мугалимдерин билимин өркүндөтүү курстарына жиберүү, шаардык деңгээлдеги ачык сабактарга жөнөтүү, тажрыйба алмашуу үстүндө иш алып баруу жана алынган маалыматтарга көзөмөлдү күчөтүү менен иштөө;
  4. Башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук жардам көрсөтүү мектеп администрациясына, башталгыч класстар усулдук биримесине милдеттендирилип, аткарылган иштер боюнча кийинки коллегиялык кеңеште маалымат берүү;
  5.  Насаатчылыкты туура жолго коюу жана окуу жыл аягында шаардык деңгээлде “Насаатчылардын отчету” аталышындагы иш-чара уюштуруу жана өткөрүү, иш-чаранын негизинде “Насаатчылык ишин улантсын” же “Насаатчыга муктаж” деген корутунду чыгаруу;
  6. Текшерүүнүн жыйынтыгы “Канааттандырарлык” деп бааланган башталгыч класстардын мугалимдерин Өкмөттүк сыйлыктарга сунуштоо;

 

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча шаардык предметтик олимпиаданын жыйынтыктары менен компьютердик слайддардын негизинде тааныштырылды. Маалыматтын негизинде олимпиадага катышуусу аз, олимпиадалык көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектептердин жетекчилерине сөз берилип, себептери, көйгөйлөрдү чечүү жолдору айтылды. Коллегиялык кеңештин аягында кийинки жылы өтүүчү олимпиаданын шаардык турунда жакшы жыйыктарды көрсөтүү, ал эми байгелүү орундарга ээ болгон мектептерге жакында өтүүчү областтык олимпиадага жакшы даярдануу жана ийгикитерге жетүү үчүн кошумча материалдарды үзгүлтүксүз колдонуу сунуштары берилди.