Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №6 Токтогул атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн областтык деӊгээлдеги ачык сабак жөнүндө маалымат

          2018-жылдын 8-февраль күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №6 Токтогул атындагы орто мектебинде областтык деӊгээлдеги ачык сабактар өтүлдү. Ачык сабакка Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун башчысы М.А.Айжигитова, Кызыл-Кыя шаарынын мектептеринен, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айрыбаз, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Сатаров атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери келип катышып, областтык деӊгээлде тажрыйба алмашуу жарыяны жүргүзүлдү.

        Ачык сабактарды №6 Токтогул атындагы орто мектебинин 1-класстар мугалими Абдыкадырова Г., 2-класстардын мугалими Тойгонбаева Б., 3-класстардын мугалими Турдумаматова А. өтүшүп, башталгыч класстардын мугалимдерине «Бирге окуйбуз» долбоорунун уландысы болгон «Келгиле окуйбуз» долбоору боюнча семинар-тренингдерде берилип жаткан окуу менен сабак өтүүдө колдонуу ыкмаларын айкалыштырып көрсөтүп беришти. Катышуучуларга билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева сабакты баалоо боюнча атайын форма берип, сабактын аягында берилген формаларды сабак өткөн мугалимге тапшырышты.

Катышуучулардын белгилөөсүндө мындай саамалыкты областтык башка район-шаарларында да ишке ашыруу менен башталгыч класстардын мугалимдери арасында гана эмес, башка предметтик мугалимдер арасында өткөрүү менен мугалимдер арасында тажрыйба алмашууну, билим сапатын жогорулатууга болоорун белгилешти.

Ачык сабактардын аягында №6 Токтогул атындагы орто мектебинин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан дасторкон  жайылып, келген мугалимдерге бир аз да болсо коӊүлдүү маанай тартууланды.