Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жана мүчөлөрү үчүн сынак болуп өттү

2019-жылдын 6-март күнү “Алдардын Эл аралык күнүн” утурлай “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнүн билим берүү жаатындагы укуктук билимдерин кеңейтүүгө багытталган интеллектуалдык таймаш болуп өттү.

Сынакка шаардагы бардык жалпы билим берүүчү мектептердин жана балдардын билим борборунун баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жетектеген командалары катышты.

Сынак 3 турду камтыды. Командалар чүчү кулак аркылуу тайпаларга бөлүнүшүп, ар бир тайпада 5 тен команда мелдешти. Сынакта суроолор Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнундө”, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын жана дүйнө таанымы боюнча суроолордун негизинде түзүлдү.

1-турда эң көп упай топтогон команда 2-турга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми 3-турда “Капитандар таймашы” деп билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышып, билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актылар боюнча суроолор берилди.

Сынактын жыйынтыгында эң көп упай топтоп, өлкөнү санариптештирүү жылына карата:

1-орунду  №13 И.Абдрахманов атындагы жатак-мектебинин командасы ээлеп, ламинация аппаратына;

2-орунду №6 Токтогул атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, 4 аннтендүү интернетке туташтыруучу вайфай аппаратына;

3-орунду №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинин командалары ээлешип, 3 аннтендүү интернетке туташтыруучу вайфай аппаратына ээ болушту.

Ал эми 3-турдун жыйынтыгы боюнча эң көп упайга ээ болгон №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Жалалова Светлана Юрьевна Жалал-Абад шаарындагы эс алуу жайында 20 күндүк эс алууга жолдомо утуп алды.

Сынакка катышкан бардык профсоюз мүчөлөрү сынактын абдан кызыктуу өткөндүгүн айтуу менен, ушундай сынактарды тез-тез өткөрүү профсоюз мүчөлөрүнунүн укуктук билимдерин кеңейтүү менен бири-бири менен тажрыйба алмашууга да чоң өбөлгө болоорун айтышты.

 

 

Маалыматты даярдаган:

Жыпаргул Душобаева