Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүндө окуунун мыктыларына арналган салтанаттуу кече жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн айкалышкан иш мерчеминин негизинде 2018-жылдын 23-май күнү 2017-2018-окуу жылында өткөн мектеп окуучуларынын Республикалык предметтик олимпиадасынын  II,  III,  IV этаптарынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн салтанаттуу азем болуп өттү. Салтанаттуу азем шаардын маданият үйүндө өткөрүлүп, шаардык кеңештин төрайымы, У.М.Дарипова, вице-мэр А.Ж.Маткалыков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Бувановалар чакырылды. Ошондой эле аземге шаардык предметтик олимпиаданын 112 жеңүүчүсү, алардын ата-энелери, жалпы билим берүүчү мектептердеги мыкты эмгектенген мугалимдер катышты.

Аземдин башталышында шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Матосмонова куттуктоо сөзү менен баштап, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадынын II,  III,  IV этаптары жөнүндө доклад окуду. Доклад компьютердик презентация менен коштолуп, шаардык, областтык, республикалык олимпиадалар боюнча салыштыруу менен көрсөтүлгөн диаграммалар түрүндө көрсөтүлүп берилди.

Андан кийин куттуктоо сөзү шаардык кеңештин төрайымына, шаардын вице-мэрине берилип, областтык, республикалык олимпиадаларда ийгиликтерди жараткан окуучуларды грамоталар, баалуу белектер, алардын ата-энелерине ыраазычылык баракчаларын, даярдаган предметтик мугалимдерине ыраазычылык баракчаларын жана мэриянын резервдик фондунан бөлунгөн каражаттары менен сыйлашты.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы шаардык олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга ардак грамоталарды тапшырды. Сыйлоо бөлүгү аяктаган соң ата-энелерге, мугалимдерге сөз берилип, окуунун мыктыларына ийгиликтерди каалоо менен шаардык кеңешке, мэрияга, билим берүү бөлүмүнө ыраазычылыктарды билдиришти. Салтанаттуу аземдин экинчи бөлүгү таланттуу окуучулардын концерти менен коштолду.