Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде өткөн “Акыркы коңгуроо” аземи жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде  2018-жылдын 25-май күнү акыркы коңгуроо аземдери өткөрүлдү. Аземге билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык мэиянын кызматкерлери, ардагер мугалимдер, ата-энелер, мектеп менен тыгыз байланышта эмгектенген мекеме-ишканалардын, укук коргоо органынын кызматкерлери катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап өтүштү.

Аземдер бардык мектептерде бирдей убакытта саат 9-00дө,  Кыргыз Республикасынын желегин алып кирип, кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен башталды.

Куттуктап келген конокторго сөздөр берилип, андан кийин мектепти аяктаганына 10, 20, 30 жыл болгон бүтүрүучүлөрдүн куттуктоосу, мугалимдерине ыраазычылык билдирүүлөрү, мектеп окуучуларынын концерттик программалары менен коштолду. Мектеп жетекчилери окуунун алдыңкыларын ардак грамоталар, белектер менен сыйлашып, педагогикалык кеңешменин Мамлекеттик бүтүрүү сынактарына катышуу чечими менен катышуучуларды тааныштырып өтүштү.

Аземдин соңунда бүтүрүүчүлөргө арналган тарбиялык сабактарга келген конокторду чакыруу менен аяктап, аземдин 2-бөлүгү болгон тарбиялык сабактар өтүлдү.