Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин “Аймактарды онуктуруу жылына” карата аткарылган иштери жөнүндө маалымат

2018-жылдын август айында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Матосмонованын буйругунун негизинде билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү  мекемелеринин “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата аткарылган иштери боюнча кароо-сынак өткөрүлдү.

Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Матосмонова, шаардын вице-мэри А.Ж.Маткалыков,  билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова, билим берүү бөлүмүнүн  башкы адиси Ж.М.Душобаева, шаардык кенештин депутаты К.Эшматова, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык врачы А.А.Сатыбалдыев, шаардык орто каршы кызматтын башчысы тарабынан бааланды.

Билимүү мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата коптогон иштерди аткаргандыгы аныкталып, жыйынтыгында жалпы билим берүүчү мектептер боюнча орундар төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлдү:

1-орун- №3 башталгыч мектеби;

2-орун –№7 Т.Иметов атындагы орто мектеби;

3-орун - №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектеби;

“Комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толгон мектеп” наамы- №8 А.Навои атындагы орто мектебине ыйгарылды.

Ал эми балдар бакчалары боюнча типтүү балдар бакчалары жана ынгайлаштырылган балдар бакчалары боюнча оз-озунчо жыйынтыкталып, төмөндөгүдөй болду:

Типтуу балдар бакчалары боюнча:

1-орун- №4 “Ландыш” балдар бакчасы;

2-орун- №18 “Дюймовочка” балдар бакчасы;

3-орун- №2 “Келечек” балдар бакчасы;

“Комиссия мүчөлөрүнүн курулуна толгон” наамы №22 “Чабалекей” балдар бакчасы, ал эми ынгайлаштырылган балдар бакчалары боюнча:

1-орун - №10 “Теремок” балдар бакчасы;

2-орун- №1 “Айданек” балдар бакчасы;

3-орун- №7 “Байчечекей” балдар бакчасы;

“Комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толгон” наамы менен №8 “Чабалекей-2” балдар бакчасынын эмгек  жамааты ээлеп, шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктардын жалпы суммасы 30800 (отуз мин сегиз жүз) сомду түздү.