Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн “Жаш мугалимдердин слетунда” өткөн мастер класстар боюнча маалымат

2019-жылдын 8-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан областтык “Жаш мугалимдердин слету” өткөрүлдү. Слет “Компетенттүү мугалим- компетенттүү окуучу!” деген ураан астында өттү.

Жаш мугалимдердин слету 3-бөлүктү камтып, 1-бөлүгүндө “Жаш мугалимдердин педагогикалык устаканасы” деп аталып, сабактарында колдонулуучу дидактикалык, көрсөтмө куралдардан турган көргөзмө менен башталды.

Ал эми слеттун 2-бөлүгундо расмий бөлүк деп аталып, анда жаш мугалимдердин аткарып жаткан иштери жөнүндө айтылып, мугалимдердин көйгөйлөрү, ийгиликтери жөнүндө баяндамалар жасалды. Ошондой эле мугалимдер тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ушул бөлүгүндө Кыргыз Эл мугалими Г.М.Мадаминов жана анын шакирттери жаш мугалимдерге акыл-насаат, сабак өтүү усулдары боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшүп, жаш мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.  

Ал эми слеттун 3-бөлүгүндө жаш адистер үчүн эң маанилүү деп эсептелген мастер класстар көрсөтүлдү.

Мастер класстар №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлүп, мастер класстардын соңунда мектепке саякат уюштурулду.

Мастер класстар И.Раззаков атындагы орто мектебинин математика мугалими Ж.Анназаров, №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Ж.Кадырова, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин география мугалими Н.А.Маматкулова жана №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими М.Карабаевалар тарабынан даярдалып, өтүлдү.

Слеттун катышуучулары 4 секцияга бөлүнушүп аталган мугалимдердин мастер класстарына катышышты.

И.Раззаков атындагы орто мектебинин мугалими Ж.Анназаров геогметрия сабагы боюнча “Бурчтар” деген темада мастер класс көрсөтуп берди. Сабак жогорку денгээлде окутуунун техникалык каражаттарын колдонуу менен өтүлүп, катышуучулар тарабынан аталган мугалим Лейлек районуна жана Сүлүктү шаарына барып мугалимдер үчун мастер класс өтүп берүүгө чакыруу алды.

№2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин мугалими Н.А.Маматкулова “Абийир” деген темада тарбиялык сабактан мастер класс көрсөтүп берди.  Катышуучуларга абдан кызыктуу болуп, сабак аяктаганда да мугалимге тарбиялык сабак өтүүдөгү усулдары менен алмашуу максатында ар түрдүү суроолор берилип, талкуу жүргүзүлдү.

№10 А.П.Гайдар атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Ж.Кадырова “Кеп өстүрүү сабактарында комикстерди колдонуу” деген темада мастер класс көрсөтүп, катышуучуларга комикстерди колдонуу усулдары менен бөлүштү.

Ал эми №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин мугалими М.Карабаева “Энелер мектеби” программасы боюнча  мастер класс өтүп, катышуучуларга энелер менен иштөө усулдары боюнча тажрыйба алмашты.

Аталган мастер класстарга окуучулардын ордунда слеттун катышуучулары жигердүү катышып, сабактардын аягында көрсөтүлгөн усулдар, дидактикалык материалдар, көрсөтмө куралдар, окуу кааналарынын жасалгалары менен таанышып, өздөрүнүн мектептерине барышканда ишмердүүлүктөрүндө колдонууну мерчемдештирип жатышкандыгына күбө болушту. 

Мастер класстар аяктаган соң мектеп директору Ю.А.Васильев катышуучуларды мектептин окуу кааналарына, электрондук китепканага, мектеп ашканасына, музыкалык,  спорттук залдарга саякат жасалды.

Коштошуу учурунда мектеп жетекчилиги тарабынан даярдалган сабак өтүү усулдары боюнча буклет катышуучуларга эстелик катары белекке берилди.

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү жана мугалимдер жамааты аталган иш-чараларды өткөрүү аркылуу мектепте алгачкы эмгек жолун баштап жаткан жаш мугалимдерди кесибин сүйгөн чыгаан мугалимдердин катарына кошууда талбай эмгектене беришмекчи.

 

Кызыл-Кыя шаардык билим

берүү бөлүмүнүн башчысы:                                     Д.Д.Матосмонова