Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыктуу таймаш

А.Атабаев атындагы Ак-Суу райондук  Маданият үйүндө  райондун мектептеринин мугалимдеринен жана окуучуларынан түзүлгөн "Шайырлар, тапкычтар клубунун” финалдык таймашы болуп өттү.  Таймаш  алгач   мектептерде, андан кийин аймактарда өтүп, жеңип чыккан командалар ортосунда райондук  жыйынтыктоочу тур өткөрүлдү.

Жыйынтыгында 1-орунга А.Сыдыкбеков атындагы орто  мектептин “Таза кыргыз” командасы өтмө кубок,10000 сом, 2-орунга Ж.Алышбаев атындагы орто  мектептин “Кереге” командасы 8000 сом,  3-орунга У.Мурзакматов атындагы орто мектебинин “Шапак сити” командасы ээ болуп  6000 сом акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер ыйгарылды.  Ал эми  кызыктыруучу сыйлыкка Ч.Осмонов орто мектебинин “Асаба”, Т.Мамбетакунов орто мектебинин “Өзгөчө”, Ж.Субанбеков орто мектебинин “Ха- ха теп” командалары ээ болуп, ар бири 2000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ошондой эле бардык командаларга, диплом ,“Манас, Семетей, Сейтек” эпосторунун 5 томдук китептери жана суусундуктар берилди.

Мектептердеги жана аймактардагы уюштуруу иштерине баштапкы кесиптик бирлик уюмдары колдоо көрсөтүштү жана профкомдордун көпчүлүгү мелдештин катышуучулары болушту. Ак-Суу райондук кесиптик бирлик комитети аталган мелдешке демөөрчүлүк кылып, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди ташырууга активдүү катышты.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Г.Суранчиева сөз сүйлөп, таймашты ийгиликтүү өткөрүүгө татыктуу салым кошкон райондук кесиптик бирлик комитетине жана мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Назгүл Дабаева, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси