Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыктуу сынак көптөрдүн кызыгуусун жаратты

    Ош мамлекеттик университетинде быйылкы “Адамдык мамилелерди өркүндөтүү” жылына карата 28-март күнү университеттин Студенттик Акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган “Эң мыкты студент – мугалимдин көз карашында” аттуу видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.   Сынак студенттин укук-милдеттерин чагылдыруу, алдыңкы адамдык мамилелерди, студенттердин алдыга койгон максаттарын кɵрсɵтүү багыттары боюнча уюштурулду. Видео ролик сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо аземине ректораттын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер катышышты. Сынакка катышууга келген видео роликтер атайын калыстар тобу тарабынан бааланды. Жыйынтыгында жобого ылайык мыкты роликтер тандалды.  Биринчи орунду багындырган дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети уюлдук телефон, экинчи орунду ээлеген индустриалдык-педагогикалык колледжи велосипед, үчүнчү орунга ээ болгон математика жана информацилык технологиялар факультетинин студенттери микролаб колонка жана дипломдор менен сыйланышты.  Сынакты өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого каражаттар ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан бөлүнүп берилди.