Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыктуу семинар

  2018-жылдын 11-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ат-Башы райондук комитети тарабынан областык деӊгээлде кызыктуу семинар ɵткɵрүлдү семинардын темасы:

1.Кесиптик бирликтин негизги иш багыттары.

2.Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо мыйзамынын аткарылышы.

3.Социалдык ɵнɵктɵштɵр менен иш алып баруу.

   Семинардын ишине Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Ж.Р.Тентимишов, профсоюздун борбордук комитетинин башкы укуктук тех.инспектору Б.М.Кадыркулов, Нарын областтык профсоюзунун тɵрагасы Ж.М.Курманкожоев, Ат-Башы РайББ башчысы Ж.Д.Дооткулов, Кочкор,Жумгал, Нарын шаарларынын профсоюзунун торагалары ж.б. катышты.

Семинарды үч тайпага бɵлүнүп ɵтүлдү.

1-тайпа мектеп, бала бакча директорлору

2-тайпа мектеп завучтары

3-тайпа профкомдор

1-тайпага лектор М.Б.Кадыркулов эмгекти коргоо мыйзамдары жɵнүндɵ

2-тайпага Кочкор райондук профсоюз уюмунун тɵрагасы А.Темиров эмгекке акы тɵлɵɵ боюнча

3-тайпага Жумгал райондук профсоюз уюмунун тɵрайымы Б.Жамантаева соц.ɵнɵктɵштɵр менен иштоо жɵнүндɵ

   Профкомдорго К.Рыскулова, К.Асылбековдор профсоюздун ишмердиктери жɵнүндɵ кызыктуу лекциялар окулду. Семинардын катышуучулары кɵптɵгɵн суроолорго жооп алышып, канааттангандыгын билдиришти. Бул семинар билим берүү кызматкерлери учун абдан пайдалуу жана таасирдүү болду.