Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызматкерлер сынак негизинде тандалды

Жакынкы күндөрү Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан Ак-Сай айылында 100 орундуу жаңы бала бакча ачылганы турат. Ошол мектепке чейинки билим берүү уюмунда иштөө үчүн штаттык бирдиктерге ачык сынак жарыяланган. 8 тарбиячы, 4 тарбиячынын жардамчысы, 1 медайым, 1 башчынын чарба иштери боюнча орун басары, 2 ашпозчу жана 1 ашкана кызматкери, 1 музыка мугалими жана электрик, оператор, көмөкчү кызмат сыяктуу 28 штаттык бирдикке 35 талапкерден арыз келип түшкөн.

Тоң райондук билим берүү бөлүмүндө атайын тандоо комиссиясы уюштурулуп, кызматкерлерди тандоо сынагы 2021-жылдын 28-майында өткөрүлдү. Сынакка Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитетинин төрагасы Нурлан Урманбетов байкоо жүргүзүүчү макамы менен катышты. Ал сынактын ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу максатында көзөмөл жүгүздү. Атайын билимди талап кылган штаттык бирдикке атсалышкан катышуучулар үчүн тест даярдалып, анын жыйынтыгы оозеки сүйлөшүүлөр менен чыгарылды. Сынак ачык-айкын өтүп, катышуучулар тарабынан эч канадай нааразычылыктар болгон жок.

 

Маалыматты даярдаган: Тоң райКБКнын төрагасы Н.Урманбетов