Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыз-келиндердин майрамы белгиленди

8-Март – Аялдардын Эл аралык тилектештигинин күнү майрамынын урматына арналган салтанат билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун эмгек жамаатынын катышуусу менен өткөрүлдү.

Алгач сөз алган обкомдун төрагасы А.Исмаилов облустун жалпы кыз-келиндерин дайыма жаздын башталышы менен кошо келүүчү улуу майрамы менен куттуктады.

Эмгек жамааты обкомдун иш кагаздарын жүргүзүүчүсү, басма сөз катчысы Абдыкадырова Махабат Эмилбековнаны куттукташты.

Ага гүл белек-бечкектер менен кошо көп жылдардан бери үзүрлүү иштегендиги үчүн обкомдун «Ардак Грамотасы» төрага А.Исмаилов тарабынан тапшырылды.

Соңунда аксакалдардын атынан А.Бегматов, облустук Жаштар Кеңешинин төрагасы З.Сулаймановдор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ага ишинде ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт-таалайды каалашты.

 

 

Даярдаган: З.Сулайманов