Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кышка карата даярдык

2023-жылдын 21-ноябрында Аксы районунун Жерге-Тал аймагында жайгашкан А.Эрматов жана Алтынай атындага орто мектептеринин кышка карата көрүлгөн даярдыктары боюнча текшерүү болду. Текшерүүгө кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана эмгекти коргоо боюнча техникалык инспектор С.Ботоев катышты.

Жогорудагы аталган мектептердин кышка карата даярдыктарын текшерип, кетирилген кемчиликтери боюнча эскертүү берилди жана райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясында карала турган болду.

Эмгекти коргоо боюнча техникалык инспектор С.Ботоев ишке киргенде, иш убагында кандай нускамалардан өтүү керектигин мектептин кесиптик бирлик мүчөлөрүнө түшүндүрүп берди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети