Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кырсыкты кайдан келет деп болбойт! Этият болунуздар!!!

        2017-жылдын  15-февраль күнү  таӊкы  маал 6.00 менен  7.00  ортосунда  Токтогул районуна  караштуу  Котормо  айылындагы  №18  Чокоев  атындагы  орто  мектептин чатыры  сынып,  арткы  10 метр  жери  каптал  жагынын  чатыры  тушуп  кеткен.

        Себеби;  түнү  менен  жааган  карды  түӊкү  кароолдо  турган  кароолчу  күрөп  коюга  мүмкүнчүлүгү  болгон  эмес. Ал  мектептин  кире бериш  жериндеги  жолду  тазалоого  аран  үлгүргөн.  Эртеӊ  менен  эрте  ал  жерге  саат  8.00 го жакын  биринчилерден  болуп  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Д. Сулпукарова  жана  райондук  билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  өкүлү  Б.  Тулекеев  тезинен  жетип  барышып,  дароо  мектептин  дарбазасын  жаптырып,  окуучуларды  жана  мугалимдерди  мектепке  киргизбей,  окутууну  токтотушкан.

       Негизинде  мектеп  1972-жылы  квартирага  ылайыкталып,  финский  шиттер менен  жүргүзүлүп, шифер менен  жабылган.  Мектеп  катары  колдонбоо  боюнча  өзгөчө  кырдаалдар  кызматынын  чечими  чыккан.  Ошонун  негизинде  2016-жылы  февраль  айынан  баштап  жаны  мектеп  салынган,  бирок  толук  бүтпөй  калган.  Кудай  буйруса  быйылкы  окуу  жылына  карата  толук  бутуруп  беребиз  деп  райондук  жетекчилер  жана  мектепти  куруп  жаткан  фирманын  жетекчилери  убада  кылышты. Ошондуктан   болуп  кетүүчү  кырсыктын  алдын  алып,  боодо  кырсыктан  сак  болунуздарды   эскертебиз.

    Төмөнкү  фотолорго  көӊүл  салып  коюнуздар.