Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кырсыктан коргонуу даярдыктары ɵткɵрүлдү

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаалдар мезгилинде калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, атуулдарга эң керектүү алгачкы жардамдарды көрсөтүү багытында жарандык коргонуунун командалык-штабдык машыгуусу өттү. Областтык деңгээлде уюштурулган бул машыгууга облустун борборундагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык билим берүү бɵлүмү, профсоюздун шаардык комитетинин тɵрагасы К.Акунов жана 33 мекеме-ишканалар катышышты. Машыгуулар жарандык коргонуу багытында облус аймагындагы мекеме-ишканалардын канчалык даярдыкта экени белгилүү болду. 

Жалал-Абад областынын борборунда өткөрүлгөн жарандык коргонуу багытындагы бул машыгуулар жаралган өзгөчө кырдаалдардан улам  калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөдү. Эгер коркунуч жаралса, атайын адистер жетип барганга чейин жасала турган аракеттер жана атуулдарга жардам көрсөтүү жолдору үйрөтүлдү. Бул жагынан тийиштүү    мекеме-ишканалардын  даяр болушу абзел экендиги эскертилди.

Маалыматты даярдаган билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Максат Мамасыдыков.