Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кырсыктагандарга жардам берилди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов, Сузак райкомунун төрагасы Н.Урайимов, адиси Д.Эргешов 2-майда кырсыктан жабыркагандардан кабар алышты. Ооруканада жаткан окуучулар жана алардын ата-энелери, ошондой эле кырсыктан жабыркаган мугалим менен жолугушту.  Алардын дарылоочу дарыгерлери менен жолугушуп, маалымат алышты. Сузак районундагы Мичурин мектебинде уюштурулган кырсыктан жабыркагандарга психологиялык жактан колдоо көрсөтүүчү Кризистик борбордо да болуп кайтышты.  Ошондой эле дарылануучуларга материалдык колдоо көрсөтүлдү.


 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети