Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстандыктар Кытайда

     Кытай Эл Республикасы жыл сайын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн мектеп окуучуларын чакырат.  Алар Кытайдын белгилүү университеттери жана алардын тарыхый жайлары, улуттук каада-салттары жана маданияты менен кеӊири таанышышат. Бул жылы КЭРнын чакыруусу менен 2-августтан 13-августка чейин 162 адамдан турган делегация, 139 мектеп окуучулары жана 23 мугалим коштоп барып келишти. Алар Кыргызстандын 68 мектебинен барган балдар.

    Кыргызстандан барган делегация эӊ алгач Урумчу шаарында болдук. Ал жерде Синь-Цзянь педагогикалык университетинде болушуп, анда окуучулар үчүн кызыктуу болгон маалыматтар берилди. Ал эми мугалимдер үчүн кытай элинин салты болгон чай берүү каадасы көрсөтүлдү. Анда чайдын ден соолук үчүн пайдалуулугу жана аны туура ичип, пайдалануу керектиги жөнүндө ошол университеттин окутуучулары тарабынан айтылды. Ошону менен бирге ал жердеги Хуншань эс алуу паркында болдук. Ошондой эле динозаврлардын көргөзмө музейине бардык.

     Андан соӊ Пекин шаарына бардык. Ал жерде «Достук» мейманканасына жайгаштык. Ошол эле күнү лагердин ачылуу аземи болду. Аземде КЭРнын билим берүү министринин орун басары сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандан келген делегацияны кызуу куттуктап, кытай элинин тарыхы, маданияты, университеттери менен кенен таанышуу менен бирге коӊүлдүү эс алуусун каалады.   Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Улуу Кытай дубалына барып, анын курулуу тарыхы, ага байланыштуу уламыш, мифтер менен тааныштык. Ошондой эле 2008-жылы дүйнөлүк спорттук оюндар болуп откон «Куш уясына», «Суу кубуна», Ихэюань паркына барышты. Андан сон Тяньаньмэнь аянтында болдук. Пекиндеги фарфор борборуна, кол өнөрчүлүк устаканасына барып, ал жерде өз колдорубуз менен буюмдарды жасап, жасалган буюмдарды эстелик үчүн бизге белек катары беришти. Кытайлыктардын улуттук  тамагы болгон «Пекин ордогу» менен белгилуу ресторандардын биринде сыйлашты.  Түшкү тамактан соӊ Вейхай шаарына сапар алдык.

    Вейхай шаары жашыл деӊиздин жээгинде жайгашкандыктан, ал жерде эс алып, сууга түшүп, пляжда окуучулар  ар турдуу спорттук оюндарды ойношту. Кийинки күнү Люгундао аралына жана «Дениз дүйнөсүнө» саякат жасадык. Түрдүү деӊиз жаныбарлары морж, пингвин, балыктын түрлөрү, деӊиз ташбакасы ж.б. менен таанышуу менен бирге дельфиндердин көрсөтүүсүнө күбө болдук. Барып коргон жерлерибиздин ар биринин өзүнүн тарыхы, кооздугу адамды өзүнө суктандырат. Бул саякатыбыз өмүр бою эсте кала турган экскурсия болду.

   Кыргызстандан барган делегация Кытай элинин меймандостугуна жана кен пейилдүүлүгүнө  абдан ыраазы болуп кайтышты. Келечекте эки элдин достугу түбөлүккө сакталат деген ойдомун.

 

 

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси:     Андарова Гулнура